Окумуштуулар 2030-жылы роботтордун айынан 800 миллион адам жумушсуз кала турганын айтышты

2030-жылы дүйнө жүзү боюнча болжол менен 800 миллион адам жумушун роботторго тарттырып жиберет. Бул тууралуу окумуштуулар, аналитиктер айтып чыгышканын чет элдик маалымат булактары жазды.

Иликтөөнү "McKinsey Global Institute" консалтинг компаниясы 800гө чамалуу кесиптин айланасында 46 мамлекетте жүргүзгөн. Алардын иликтөөсүнө таянсак 800 миллион адам 2030-жылдары жумушун роботторго тарттырып жиберет.

Германия, АКШ сыяктуу өнүккөн өлкөлөрдө азык-түлүк тармагында, ири заводдордо иштегендердин ишин толугу менен роботтор жасап калат. Ал эми Британияда айыл чарба менен алектенгендердин 19 пайызы жумушун алмаштырганга туура келет.

Учурда айдоо жерлеринде отоо чөптөрдү жулган роботтор көп өлкөдө адамдардын ишин жеңилдетип жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
asil-08
2018-03-12 08:54:12
Кудай сактасын, ден соолук болсо жумуш кылып жүргөнгө не жетсин.
+6
Rifle_I
2018-03-12 08:57:39
Бир жагынан жакшы адамдар кара жумуштан арылат. Бир жагынан нан тапканга акча табалбай калат.

Алдын ала кеситпти туура тандаңыздар.
-2
nurgaz
2018-03-12 09:22:41
Бул кетиште кыргызстанда роботтор иштебей калдыго
+3
Okna
2018-03-12 09:35:59
Бизге 120 роборт керек ошондо Кыргызыма баарына Иш болот
+2
vavilon.
2018-03-12 09:47:07
Жумушсуз калат дегени адамдар ачка калат дегени эмес. Ошончо адамдын жүгүн роботтор аркалайт дегендик. Ал эми адамдар заман талабына ылайык дагы да жаңы технологиялык жумуштарды аткарат.
+2
Mirlan27011987
2018-03-12 12:05:17
Бизде анысыз деле жумушсуздук куч.
+1
Qwerty2018
2018-03-12 13:14:48
Бизде кайра жумуш орун ачылбаса болгону Роботторду кароого иштетууго деп
0
MAKALAK
2018-03-12 19:49:03
Кыргызстанда ансыз деле роботтор иштеп жумуш жок 800 мин адам бош
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан