Жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу департаменти менен Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча агенттик Кыргыз жергесиндеги ондатрларды каттоого алышат. Ага Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары да катышат.
Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча агенттиктин маалыматына караганда, 2016-жылы ондатрлардын саны 14 миң 142 болсо, 2017-жылы 20 миң 961ге жеткен.
Ондатрларды каттоого алуу күз айларында да өткөрүлөт.
Белгилей кетсек, 1944-жылы Кыргыз жергесинде териси баалуу айбанаттарды коргоо максатында Чүй жана Ысык-Көл облустарына ондатрлар коё берилген. Териси баалуу айбанаттарды алып келүү, аларга көзөмөл кылуу ишин Кыргыз чийки зат камсыздоо конторасы жүргүзүп, адегенде 500 баш ондатр коё берилген.