Бишкек-Ош унаа жолу 13-мартка чейин маал-маалы менен жабылып турат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, өлкөдө 2018-жылдын 12-13-мартына чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт. Ошого байланыштуу, 11-марттан баштап 13-мартка чейин Бишкек-Ош унаа жолунда унаалардын бардык түрлөрүнө саат 12:00дөн саат 00:00гө чейин Чүй облусунун Жайыл районундагы "Сосновка" постунда, Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы "Арал" постунда жана Талас районундагы Өтмөк ашуусунда чектөөлөрдү киргизүү боюнча өкмөттүн буйругу чыккан.
Буйрукка ылайык, 11-март күнү Чүй облусунун Жайыл районундагы "Сосновка" постунда саат 13:50дөн, Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы "Арал" постунда саат 12:00дөн жана Талас районундагы Өтмөк ашуусу саат 16:00дөн тартып унаанын бардык түрлөрүнө убактылуу чектөө киргизилген. Бул чектөө ошол эле күнү алынып, жол түнкү саат 12:00дө кайра ачылган.
Көк-Бел, Кара-Көө, Чоң-Ашуу ашууларында жана башка тоолуу аймактагы жолдордо кар көчүп, жолдорго муз тоңушу күтүлөт.