"Медиа-порталдын" "Элдик видео" бөлүмүнө "Чыныларды кубулжуткан апа" аталышындагы видео жүктөлдү. Ник (Meeri777).
Видеодон орто жаштагы апанын чыныларды тизип алып, жыгач кашыктын жана шылдырактын жардамы менен белгилүү композитор Мураталы Күрөңкеевдин "Кер өзөн" күүсүн чыгарып жатканын көрүүгө болот. Бул видео интернет айдыңына кенен тараган соң, көпчүлүк колдонуучулар анын мындай талантына суктанышып, жакшы ой-пикирлерин калтырышкан. Белгилүү болгондой, апанын аты - Бүбүсара. Ал Сокулуктагы мектептердин биринде музыка сабагынан мугалим болуп эмгектенген.
Видеону көрүү үчүн шилтеме.