Балдарын эмдөөдөн өткөрүүдөн баш тарткан ата-энелер көбөйүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 12-мартта Республикалык эмдөө борборунун жетекчиси Гүлбара Ишенапысова маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, эмдөөгө каршы болгондордун саны жыл сайын өсүүдө. "2016-жылы 4 миң ата-эне эмдөөдөн баш тартса, 2017-жылы алардын саны 7 миңге жеткен. Алардын 68 пайызы диний көз караштарга таянып жатышат. Бирок Кыргыз Республикасынын Мусулмандар дин башкармалыгы эмдөөнүн балага эч кандай зыяны жоктугун билдирип келет. Ошого карабай туура эмес таратылган маалыматтарды окуп алышып "биз силдердин эмдөөңөргө ишенбейбиз, өзүбүздүн көз карашыбыз бар" деп эмдетпей жатышат. Эмдөө баланы ар кандай оорулардан алдын алууга жардам берет. Бул үчүн өкмөт жылына 83 миллион сом сарптоодо", - деди Гүлбара Ишенапысова.