Кыргыз Республикасынын Эл артисти Ашыр Чокубаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 13-мартта өтөт

Эртең, 13-мартта Кыргыз Республикасынын Эл артисти Ашыр Чокубаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, актёрду акыркы сапарга узатуу зыйнаты Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз академиялык драма театрында орун алат. Ага белгилүү актёрлор, маданият өкүлдөрү катышат.

Белгилей кетсек, Ашыр Чокубаев кечээ, 11-мартта 71 жашында дүйнө салган. Ал 1947-жылы Өзгөн районуна караштуу Көлдүк айылында жарык дүйнөгө келип, “Кожожаш”, "Курманжан датка", "Ак илбирстин тукуму" жана башка фильмдерде роль жараткан. Ал гана эмес, коңшу казак элинин бир далай тасмаларына түшүүгө жетишкен. Актёрдун артында 2 уулу калды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Petrovka
2018-03-12 12:01:03
Эки уулу бар экен го кечээ Айдар Акаевтин кайнатасы дешти эле го. Жайы жаннатта болсун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан