Түштүк Кореядагы мигранттардын жоголгон жүктөрү төлөнүп берилет. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнө келип түшкөн жүктү дарегине жеткирүүгө жооптуу адам билдирди.
"Түштүк Кореядан салынган жүктөрдү дарегине жеткирүү менен алектенгенибизге 16 жыл болду. Бирок бир да жолу жүктү жолдон уурдатып же алдырып жиберген эмеспиз. Бул жолу башка фирма аркылуу алып келе жатканбыз. Угушума караганда контейнер менен алып келе жаткандар бажы кызматына бир аз берчү тыйынын бербей коюшкан. Ошондон улам кызматкерлер коробкадан бирден-экиден буюм алып алышкан. Жоголгон буюмдар төлөнүп берилет. Анткени биздин фирма менен жүк ташуучу фирманын ортосунда ушундай келишим бар", - дейт жүккө жооптуу адам.
Айта кетсек, буга чейин окурман WhatsApp аркылуу "Элдик кабар" рубрикасына "Кореядан салган жүгүбүздү орто жолдон уурдап кетишти" деп кабарлаган.