Токмоктогу аймактык оорукананын төрөт бөлүмүндө жаңы төрөгөн келиндин 2 буту күйүп калды. Бул тууралуу социалдык тармактын Нури Түлеева аттуу колдонуучусу жазды. Анын билдирүүсүнө ылайык, келиндин буттары жылытуу үчүн коюлган желим бөтөлкөдөгү ысык сууга күйгөн жана ал бөтөлкөнү медицина кызматкерлери коюшкан.
"Бир ай мурун кайын сиңдим Токмоктогу төрөт үйүнөн кесарево жолу менен төрөгөн. Операция жакшы болду. Аны жандандыруу бөлүмүнөн палатага чыгаргандан кийин бутун жылытуу үчүн желим бөтөлкөгө ысык суу куюп, буттарынын ортосуна коюшкан. Бирок аны дарыгерлер унутуп калышкандыктан, эки буту күйүп калган. Эне наркоздон ойгоно элек болгондуктан бутунун күйүп калгандыгын сезген эмес. Мындан улам ал терең күйүк алып, ооруканада өз алдынча баса албай жатат", - деп жазган Түлеева.
Токмок аймактык ооруканасынын директору Бактыгүл Исаева бул окуя боюнча медайым менен дарыгерге сөгүш берилгенин SUPER.KG'ге билдирди.
"Бул окуя февраль айында катталган. 25 жаштагы келин кесарево жолу менен төрөгөн. Ал операциядан палатага которулганда чыйрыгып үшүгөндүктөн дарыгер бутун жылытуу үчүн желим бөтөлкөгө ысык суу куюп, аны шейшепке ороп бутуна койгон экен. Андан соң дарыгер менен медайым кийинки төрөткө кирип кетишкен. Алар төрөттү кабыл алып чыкканча ал келиндин эки буту күйүп калыптыр. Биз ошол замат травматологду чакыртып, тийиштүү чараларды колдонгонбуз. Учурда бейтап Бишкек шаардык №4-ооруканасынын күйүк бөлүмүндө дарыланууда. Ал эми төрөткананын медайымы менен дарыгери бейтаптан кабар алышууда. Дары-дармегине 30 миң сомдой да акча беришти. Келиндин жолдошу үчүнчү жолу келип акча сураганда биз анда бул ишти сот аркылуу чечели дедик", - дейт Исаева.
Исаева буту күйгөн келин ушул жуманын аягында үйүнө чыгарыла турганын, анын күйүгү жеңил экенин кошумчалады.