13-июнда борбор шаарда уурулук кылмышына шектелип 3 адам колго түштү. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИББинин басма сөз кызматы билдирет. Айта кетсек, 42 жаштагы А.А., 19 жаштагы А.Б. менен 34 жаштагы Н.Н. акча уурдоо кылмышы боюнча айыпталууда. Учурда тергөө жүрүп жатат.