Дарыгер: "Чүйдө жол кырсыгынан жаракат алган 18 жаштагы адам жандандыруу бөлүмүнөн травматология бөлүмүнө которулду”

Чүй облусунун Аламүдүн районунда жол кырсыгынан жаракат алган 18 жаштагы адам жандандыруу бөлүмүнөн травматология бөлүмүнө которулду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков билдирди.

“Жаракат алган 18 жаштагы Ш.К. аттуу жаран жандандыруу бөлүмүнөн травматология бөлүмүнө которулду. Баш мээси чайкалып, эттери жанчылган, башка сыныктар жок. Учурда анын абалы туруктуу", - дейт Кубатбеков.

Эске салсак, 7-мартта Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Совхоз Ала-Тоо айылында жеңил унаа жол кырсыгына учурап, 1 адам каза болуп 1 адам оор абалда ооруканага жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан