Британиялык актёр жана куудул Кен Артур Додд кечээ, 11-мартта 89 жашында каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, актёр өзүнүн үйүнөн узакка созулган оорудан улам каза болгон. Ал мындан 2 жума мурун дал ушул оорусунун айынан ооруканага жатып чыккан. Ошондой эле 9-мартта 40 жыл чогуу жашаган жубайы Анна Жонс менен расмий түрдө үйлөнгөндүгү жазылган.
Белгилей кетсек, актёр "Алиса в стране чудес", "Доктор Кто" жана башка бир топ тасма, сериалдарда роль жараткан.