Ош облустар аралык клиникасынын төрөт бөлүмүндө 36 жаштагы аял үч эм төрөп, бирок экөө чарчап калды. Үчүнчүсүнүн абалы да оор болуп жатканын SUPER.KG'ге бүгүн, 12-мартта Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова кабарлады. Үч эм 8-мартта төрөлүп, экөө уул, бирөө кыз болчу.
Биринин салмагы 1 килограмм 32 грамм, боюнун узундугу 38 сантиметр (уул), экинчиси 1 килограмм 29 грамм, боюнун узундугу 34 сантиметр (кыз), үчүнчүсү 960 грамм, боюнун узундугу 26 сантиметр (уул) болгон.
"Ымыркайлар 29 жумалык болуп ай күнүнө жетпей төрөлгөн. Биринчиси 11-март күнү саат 23:35 чамаларында, экинчиси 12-март күнү түнкү саат 1:40 чамаларында чарчап калды. 960 грамм болуп төрөлгөн ымыркайдын абалы оор болуп жаткандыктан жасалма дем алдыруу аппаратында жатат. Ал эми эненин абалы канааттандырарлык", - деди Айгерчинова.