Футзал боюнча өлкө биринчилиги - Суперлиганын жарым финалына өткөн командалар белгилүү болду

Футзал боюнча өлкө биринчилиги - Суперлиганын жарым финалына өткөн командалар белгилүү болду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын футбол федерациясы билдирди.

Маалым болгондой, 9-11-март аралыгында Бишкек шаарындагы Арча-Бешик конушундагы ден соолукту чыңдоо жана дене тарбия комплексинде Суперлиганын чечүүчү беттештери орун алып, жарым финалга өткөн командалар белгилүү болду. Анда мелдештин жыйынтыгында турнирдик жадыбалда алдыңкы 4 орунду ээлеген командалар жарым финалга өтүштү.

Муну менен жарым финалга 40 упай топтоп 1-орунду ээлеген бишкектик "Алга", 40 упай топтоп 2-орунду ээлеген Оштун "EREM", 30 упай менен 3-орунду ээлеген Ысык-Көлдүн "Мурас" жана 28 упай менен 4-орунду "Фарватер" командалары өтүштү.

Жарым финалда "Алга" командасы "Фарватер" менен беттешсе, "EREM" командасы "Мурас" менен кез келет. Алгачкы беттештер 31-март жана 1-апрелде орун алса, жооптук беттештер 7-апрелде орун алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
anash
2018-03-12 16:47:41
супер инфо Алга менен Ерем уппайы 3очко разница
0
Melitta-24
2018-03-12 19:03:15
EREMдин женишке жетишине тилектешмин
+1
FCBMESSI
2018-03-12 23:21:04
Ерем алга
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан