Португалияда өтө турган "Евровидение-2018" эл аралык музыкалык сынагы 8-майда старт алат. Аталган сынакка бул ирет Орусиянын атынан Юлия Самойлова катышары маалым болду. Орусиянын Биринчи каналы катышуучунун "Мен сынбайм" ("I Wonʼt Break") аттуу клибин элдин назарына койду.
Ырдын сөзүн, обонун Леонид Гуткин, Нэтта Нимроди жана Арье Бурштейн жазган, ал эми клипти режиссёр Алексей Голубов тарткан.
"Бул чыгарма мен жөнүндө. Ырдын авторлору менин жеке оюмду, санаамды биринчи орунга коюу менен текстти иштеп чыгышкан. Сынакты жолдошум экөөбүз чыдамсыздык менен күткөнбүз, кыялдардын орундалышы эң сонун", - деп билдирген сынактын катышуучусу.
Белгилей кетсек, "Евровидение-2017" сынагына Орусиянын атынан ат салыша турган ырчы Юлия Самойлованы Украина өз аймагына киргизбей койгон. Мындан улам Орусия сынактан баш тартып, кийинки жылы катыша тургандыгын маалымдаган.