Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын мурдагы чакырылышында депутат болгон Токтогул Тумановдун жана "Келечек" ишканасынын башчысы Келдибек Тумановдун бир тууган иниси Советбек Туманов кайтыш болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына "Келечек" ишканасынан билдиришти.
Маалыматка караганда, маркум Советбек Туманов узак убакытка созулган оорудан улам көз жумган. Ал укук коргоо органдарында кызмат өтөп, кийин ардактуу эс алууга чыккан. Акыркы убакта ал "Келечек" ишканасында эмгектенип келген.
Маркумдун сөөгү кечээ, 11-мартта Жалал-Абад шаарында жерге берилди.
Советбек Туманов үй-бүлөдө 11 бир туугандын онунчусу болгон.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Советбек Тумановдун көз жумганына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.