Бишкекте көп кабаттуу үйдөн боюн таштап өз жанын кыйган кыздар жана интимдик сүрөттөрүн жарыялайбыз деп опузаланган кыз мурда интернет аркылуу интимдик кызмат көрсөткөнү айтылууда. Мындай пикирлер интернет колдонуучулары тарабынан жазылып жатат.
Айта кетсек, буга чейин Бишкекте 7-мартта 18 жаштагы кыз 7-кабаттан, 10-мартта 27 жаштагы кыз 8-кабаттан боюн таштаган. Ошондой эле Бишкек ШИИББинен "жылаңач түшкөн сүрөт-видеоңду элге таратабыз деп 18 жаштагы кызды опузалагандар кармалды" деп кабарлашкан.
Бул кыздар тууралуу интернет айдыңында талкуу жүрүп, алар тууралуу буга чейин интернет аркылуу интимдик кызмат көрсөтүп келишкен деген пикирлер орун алууда. Ошондой эле интернет колдонуучулары "вебкам студияларда кызмат көрсөткөн кыздардын айрымдарынын аты-жөнү белгилүү болуп калгандыктан, алар өздөрүнө кол салып жатышат" деп жазышууда.
Бул тууралуу Бишкек ШИИББине кайрылганыбызда ал кыздар интимдик кызмат көрсөтүп жүргөнү тууралуу маалымат жок экенин билдиришти.