Жарандык активисттер элдик курултай өткөрөт. Курултайга Акаев, Бакиев чакырылат

Жарандык активисттер элдик курултай өткөрөт. Бул тууралуу бүгүн, 12-мартта SUPER.KG порталына жарандык активист Адил Турдукулов билдирди.

Анын айтымында, курултай апрель айынын ортосунда же 7-апрелде өткөрүлөт. "Бүгүн курултайды уюштуруу тобунун жыйыны болуп өттү. Куралтай апрель айынын ортолорунда же 7-апрель күнү өтүүсү күтүлөт. Ага чейин жыйындар жер-жерлерде өткөрүлөт. Анда коррупцияга каршы күрөш, саясий куугунтук жана саясий туткундарды бошотуу тууралуу сөз болот. Ошондой эле сөз эркиндиги тууралуу талкууланат. Дагы талкуулай турган көйгөйлөр кошулушу мүмкүн", - деди Турдукулов.

Мындан тышкары ал курултайга экс-президент Аскар Акаевди жана Курманбек Бакиевди чакыруу ниеттери бар экенин кошумчалады. "Бүт саясий күчтөрдү консолидация кылуу, жаңы барактарды ачуу ниетинде аларды чакырып жатабыз", - деди жарандык активист.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
aiba-889290
2018-03-12 15:27:48
Эч ким келбейт.
+6
Medinaa
2018-03-12 15:32:11
Бакиев келсин.Келбейт бирок (
+20
Medinaa
2018-03-12 15:34:54
Азиз Турдукулов кимдин жардамчысы?Аялы менен араздашып бүттүбү?Оболу пикетти коюп,үй-бүлөсүн бекемдеп алсынчы!Эл тажады.Андан көрү кантип өнүгөбүз деп баш катырса жакшы болмок!
-11
Atas
2018-03-12 15:37:54
Ооба келсин жазасын алышсын
УКМК аэропорттон тушкондо эле кармайт
Бирок келгенге духу жетпейт булардын
-21
roklait
2018-03-12 15:41:58
Келбей калыштыго экс-президенттер,келсе эле камайт да,не кылмак эле.Аны Акаев,Бакиевтер жакшы билет.
+8
Mirlan27011987
2018-03-12 16:02:02
Илгерки душман эл болбойт.
-11
nazarKGZ
2018-03-12 16:08:43
Келишсин 8 жылдан бери отургандарды камаш керек
+5
33SUUN
2018-03-12 16:16:28
Жон койчу.Сен чакырсан эле келе калышат деп ойлойсунбу?
-3
KGstan1981
2018-03-12 16:21:45
Канчалаган даалай курултайларды откоздунор.Ашып барса 200-300 адам келишет талаптарды коесунар ошону менен тарап кетесинер.Андан коро баарынар бир муштум болуп биригиш керексинер жэ болбосо бирдиктуу лидерди тандап КСДПга каршы тура турган бир кучтуу партияны тузуш керексинер.Мадумаровтун,Текебаевтин,С.Жапаровтун колдоочулары бириккиле.
+11
dair_17
2018-03-12 16:28:57
Жаз келди,сериал башталды
+2
Nurik1988
2018-03-12 16:33:19
Барабыз буйруса ксдпны одарыш учун
+10
luuntik
2018-03-12 17:20:21
ой келбейт кайдагы жомокту айтпагылачы, келсе камап салышат Жапаровдой кылып эле, самолеттон тушору менен, алардын деле мээси иштейт чакырса эле келе койгондой айтышыптырго
+6
dair_17
2018-03-12 17:47:10
Эх Кыргызым качан тынч жашайбыз, макул силер ойлогондой курултайга миндеген адамдар келди революция болуп, бийликти алмаштырдынар, кийин эмне болот силер ойлогондой таза бийлик келеби????
+2
Aza17
2018-03-12 19:48:47
Бакиевдин духу жетет бирок
Бакиев Кыргыз элин ойлойт чындык чыркырап турган кезде элди болуп жаргысы келбейт. Мына ошондуктан келбейт.
+3
312kyrgyzstan
2018-03-12 22:24:59
Чакырса еле келе калат оа ушуну еле кутуп жатышат екс президенттер
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан