Талас-Тараз унаа жолунда авто-кырсык болуп, 1 адам каза тапты

13-июнь күнү Талас облусунун Кең-Арал айылында, тактап айтканда, Талас-Тараз унаа жолунун 5-чакырымында автокырсык болуп 1 адам каза тапты. Кабарлангандай, БМВ унаасынын айдоочусу жогорку ылдамдыкта бара жатып жол жээгиндеги даракты сүзгөн. Айдоочу 1986-жылы туулган М.К. каза болуп, 2 жүргүнчү ооруканага жеткирилген. Окуя болгон жерге ӨКМнын Талас шаарындагы Куткаруу кызматынын куткаруучулары барышып, ыкчам чара көрүштү. Учурда кырсыктын келип чыгышы иликтенүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан