АКШда ит ээсинин унаасын айдап кетип жол кырсыгына кабылды

АКШда ит ээсинин унаасын айдап кетип жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, АКШнын Вашингтон штатынын Спокан шаарында чихуахуа породасындагы итти ээси унаасына бекитип, өзү дүкөнгө кеткен. Ал эми унаада калган бою 20 сантиметрге жетпеген ит Toyota үлгүсүндөгү машинаны от алдырып, бир канча метр жүргөн.

Мартинес аттуу жаран дүкөндө кезекте турганда анын унаасы жүрүп бара жатканын көрүп эшикке чуркап чыккан. Ал унаанын жанына жеткенде ичинде иттен башка эч ким жок экенин көргөн. Мартинес машинаны токтоткуча ал алдындагы унааны барып сүзгөн.

Бул окуядан эч ким жаракат алган эмес. Бирок Мартинес ити сүзгөн унаанын ээсине материалдык чыгымды төлөп берүүгө мажбур болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Yiman97
2018-03-12 15:24:21
Ит жылында иттер оздорун бир реклама кылдыларго
-4
tursunbaev78
2018-03-12 21:45:37
Yiman97,кылдыларго деген сөз барбы Кыргызча,жазганда диалектиңерди колдонбой эле Кыргызча жазганды үйрөнгүло
+3
Hacker99
2018-03-12 22:45:13
tursunbaev78,хм тундуктун диалектисинде жазыш керекби?
0
tursunbaev78
2018-03-12 23:27:40
Hacker99,мен түндүктүн же түштүктүн диалектисинде жаз деген жокмун,диалектиси жок жаз деп атам
+1
KyrgyzstanBishkek
2018-03-12 15:30:17
ичип алса к.к да
-2
pat12
2018-03-12 15:56:53
KyrgyzstanBishkek,
Ит семирсе - ээсин кабат. Ат семирсе - арабасын бузат.
+2
Elaman993
2018-03-12 15:31:33
Фантастика го
0
nuru95kg
2018-03-12 15:34:35
Ишениш кыйын
+1
roklait
2018-03-12 15:44:34
Шумдукко.
0
kubinis.kg
2018-03-12 15:57:03
озу от алдырып кирип кетсе керекда дуконго. Кучук газды басып ийген болсо керекго дейм. Анан итине шылтап койгонго. Менин оюм .
+7
Begaiko
2018-03-12 17:42:34
Эмне деген заман
0
Timonbay
2018-03-12 19:27:29
Азыркы машиналардын от алдыргычы кнопка менен болуп калбадыбы. От алдыргычты басып жибергендирда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан