Маданият, маалымат жана туризм министрлиги республика боюнча заманбап драмалык чыгармаларды жазууга шыгы бар таланттарга сынак жарыялайт. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, сынактан жеңип чыккан авторлор үчүн министрлик тарабынан 1 миллион сом бөлүнөт. Анда жеткинчектер жана өспүрүмдөргө арналган эң мыкты 8 пьеса үчүн 50 миң сомдон 400 миң сом каралса, чоңдор үчүн жазылып, учур чындыгын ар тараптан ачык көрсөткөн мыкты 12 пьеса үчүн 50 миң сомдон 600 миң сом бөлүнөт.
"Сынактын максаты - замандын курч көйгөйлөрүн, каармандарын жана жаңы образдарын жаратуу. Пьесалар улуулар жана балдар аудиториясына ылайыктап жазылып, 25 беттен ашпоо керек. Тандалып алынган чыгармалар министрликтин менчигине өтөт жана 2018-2019-жылдар аралыгында өлкөдөгү мамлекеттик театрларга сахналаштыруу үчүн берилет. Бул үчүн министрликтен атайын 7 кишиден турган комиссия түзүлөт. Алар сынакка келген материалдардын жарактууларын тандайт", - дейт басма сөз катчы.
Белгилүү болгондой, сынакка катышуу үчүн чыгармаларды 10-марттан 30-октябрга чейин аталган министрликке жөнөтүү керек. Катышуучунун кесиби менен жаш курагы чектелбейт.