Шашылыш билдирүү! 13-17-март аралыгында абанын температурасы төмөндөп, кар жаайт

13-17-март аралыгында өлкө аймагында туруксуз аба ырайы катталып, абанын температурасы кескин төмөндөйт.

Бул тууралуу Кыргызгидромет: "Өлкөнүн бардык аймактарында маал-маалы менен кар аралаш жаан жаайт. 14-15-16-мартта Чүй жана Талас өрөөндөрүндө жааган жамгыр карга айланат, тоолуу аймактарда кардын жаашы күтүлүүдө. Жаан аралаш кардан улам жолдор тоңголок, тайгак болуп, тоолуу жерлерде кар күрткүсү орун алат", - деп билдирди.

Ошондой эле аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу Бишкек-Ош, Ала-Бука-Каныш-Кыя, Казарман-Ак-Тал-Чат, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу, Каракол-Эңилчек ашууларында кар көчкү түшүүсү күтүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан