Жол кырсыгынан апасынан айрылып, бир буту кесилген наристе ооруканадан чыгарылып азыр үйүндө

Апасы менен кошо унаа сүзүп, анын кесепетинен бир буту кесилген кыз ооруканадан чыгарылып азыр үйүндө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына буту кесилген наристенин атасы Жыргалбек Чотонов билдирди.

"Кызымды 7-мартта ооруканадан үйгө чыгарганбыз. Учурда апам, кызым үчөөбүз мурда кырсык болгонго чейин жашап жүргөн үйдө эле жашап жатабыз. Үйгө жаңы чыгарып келгенде 2-3 күн апасын издеп ыйлады, азыр абалы жакшы эле, өзүн жакшы сезип бир аз ойноп калды. Кесилген бутун үйдөн өзүбүз жаңылап таңып жатабыз", - дейт Жыргалбек Чотонов.

Айта кетсек, 9-февралда Бишкек шаарынын Элебесов жана Витебский көчөлөрүнүн кесилишинде 1 жаш 8 айлык кызын көтөрүп жол жээгинде турган келинди унаа сүзүп кеткен. Келин алган жаракатынан улам ооруканада каза болсо, кызынын жамбаш сөөгү жанчылып калгандыктан дарыгерлер анын бутун кесип салууга мажбур болушкан.

Бул окуядан кийин кырсыкка кабылган наристеге жардам берүүнү каалаган адамдар атасы Жыргалбектин “ЭЛСОМ” мобилдик капчыгына акча каражаттарын которуп башташкан. Кийин WhatsApp аркылуу "Жыргалбек Чотонов аттуу адам алдамчылык менен алектенип жатат, мурда алдамчылык фактылары менен соттолгон" деген маалыматтар тарай баштаган. Бирок Жыргалбек Чотонов SUPER.KG порталына бул маалыматтар жалган экенин билдирген болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Shekeev969798
2018-03-12 16:36:13
Омур бою кыйналатго Атасы да ичинен кызын коргон сайын Сузгон адамды атып салыш керек Жаш балада не куноо Кудай аай
+11
maks94.kb
2018-03-12 19:17:14
Shekeev969798,сузгон адамды атып салгыдай ал атайлап сузбосо керек жазмыштан эч Ким эч кайда кача албайт тура баарына сабыр берсин жаратканым
0
mira28
2018-03-12 19:40:56
maks94.kb,абайлап айдаса болмок айдоочу.Жон эле камап койбой омур бойу ушул кызга компенсация толоп берсин,мал мулкун откоруп бериш керек.Азыр кыз кичинекей эч нерсени тушунбойт чонойгон сайын озун кемтик сезгени аз келгенстп коп кыйынчылыктарды башынан откорот.Запасы деле 30 жаштын кырындагы жапжаш курагында кетти аттин.Жыргалбек байкеге сабыр тилейм. Тт. Ь т.
+6
Abdumital
2018-03-12 22:37:00
Апасын издеп дегенин окуп алып жаш жуттумго каралдым
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан