Чыныларды кубулжуткан апа: "Бул өнөрдү өздөштүргөнүмө 30 жылдан ашты. Балдарыма, окуучуларыма да үйрөтүп койгом"

Буга чейин "Медиа-порталдын" "Элдик видео" бөлүмүнө "Чыныларды кубулжуткан апа" аталышындагы видео жүктөлгөн. Анда чынылар жана кашыктын жардамы менен күү чыгарган Бүбүсара Жалалова аталган видео боюнча төмөнкүлөрдү айтып берди.

"Жашым 61де. Учурда пенсияга чыкканыма карабай, Сокулуктагы мектептердин биринде музыка сабагынан мугалим болуп эмгектенем. Интернетке тараган видеону жайында кесиптештеримдин бири тартып алган эле. Бир гана бул эмес, дагы бир топ ырларды баяндын коштоосунда ырдаганымды тарткан. Эми алар интернетке тарап, өзгөчө чыны менен күү чыгарган видеом көп талкууга алынып жатыптыр. Чынылар менен күү чыгарууну өздөштүргөнүмө 30 жылдан ашуун убакыт болду. Өз алдымча отуруп эле үйрөнүп алгам, азыр балдарга арналган күүлөрдү жакшы чыгарам. Андан бери балдарыма, өзүм окуткан окуучуларыма да үйрөттүм", - дейт ал.

Ошондой эле учурда аккордеон, баян, комуз жана башка аспаптарда кол ойното ала турганын кошумчалап өттү.

Чыныларды кубулжуткан апа
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Surgut777
2018-03-12 17:17:59
Сонун кен коп жашаныз
0
naida81
2018-03-12 17:45:02
сонун. музыкальный слух бар экен апада!
+1
only_progress
2018-03-12 18:03:45
Адам бекер отурбай ушуга окшогон нерселер менен алек болсо давление нерв оорулары журок оорулары стресс депрессиядан да алыс журот. Сизге узаак омур каалайм.
+2
gulnazmadalbekova
2018-03-13 11:26:51
Укмушгоо уксан эс алат экенсин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан