Бүгүн, 12-мартта "Ихлас" курулуш компаниясы депутаттардын Бишкекте Ак Үйдү көчүрүүгө каралган жерде курулуш башталганы боюнча айткан сөздөрүнө жооп кайтарды. Компания жер тилкеси мыйзамдуу жол менен алынып, курулуш мыйзам чегинде жүрүп жатканын SUPER.KG порталына билдирди.
"Кантип эле жер ээси болгон Бишкек мэриясы, Курулуш жана ахитектура агенттиги баш болгон, бир нече курулушка уруксат берүүчү органдар жөн эле мыйзамсыз берип коюшсун. Тактап айтсак, ал жер 5 гектар эмес 2,868 гектар. Биз ал жерге мыйзамдын жана курулушка тиешелүү бардык эрежелердин, уруксат кагаздарынын негизинде ээ болгонбуз. Бул жер 2017-жылдын 27-сентябрында бекитилип, Бишкек шаарынын 2025 жылга чейинки Башкы планында көп кабаттуу турак жайды куруу үчүн каралган.
Жогоруда аталган жер тилкеси тоорукка коюлганы “Эркин Тоо” гезитине 2017-жылы 3-октябрда №107 (2832) санында жарыяланган. Бул иш-чара Бишкек шаарынын жерлерге укук берүү комиссиясынын бекитилген планынын негизинде өткөрүлгөн. 2,868 гектар жер тилкесинин максаттуу багыты – социалдык-маданий жана күндөлүк объектилери менен көп кабаттуу турак жайды долборлоо жана куруу үчүн каралган.
Анын негизинде, жер тилкесине көп кабаттуу турак жайды куруу максатында тийиштүү документтер даярдалган. Башкы план, инженердик жана техникалык шарттар, архитектуралык пландоо боюнча мамлекеттик экспертизалар алынган. Анын негизинде тиешелүү мамлекеттик органдар аркылуу курулуш иштерин жүргүзүүгө уруксат кагазы 2018-жылдын 26-январында алынган", - деп айтылат "Ихлас" компаниясынын жообунда.
Белгилей кетсек, 7-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Таабалды Тиллаев "Бишкектин четиндеги 5 гектар жер курчалып, белгисиз курулуш башталды" деп айткан болчу. Ошол эле учурда анын фракциялашы Мирлан Жээнчороев аталган участок убагында Ак Үйдү көчүрүүгө каралган тилке экенин билдирген.