Борбор калаада 9-11-март аралыгында өткөн жарга чыгуу боюнча Бишкек шаарынын чемпиондугунун жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жарга чыгуу, альпинизм жана музга чыгуу боюнча федерациянын төрайымы Марина Гальцова билдирди.
Анын айтымында, мелдешке жалпы 122 спортчу катышып, аталган спорт түрүнүн 3 категориясында күч сынашты.
"Мелдеште 85 эркек жана 37 кыз-келин жарга чыгуу спортунун 3 түрүндө күч сынашты, алар боулдеринг (кыска аралыктагы татаал трасса), татаал трасса жана ылдамдык боюнча жарыштар болгон. Мелдештин негизги максаты бул жарга чыгуу спортун жайылтуу жана спортчулардын деңгээлин көтөрүү болуп саналат. Мелдештин жыйынтыгында спортчулар упайларды чогултуп рейтингге көтөрүлүшөт, ал рейтингдин негизинде спортчулар Кыргыз курама командасына кошулат", - дейт Марина Гальцова.
Кыска аралыктагы татаал трасса боюнча жарыштын жеңүүчүлөрү:
Эркектер арасында:
1-орун: Роман Ковалев;
2-орун: Иван Исаев;
3-орун: Ислам Каримов.
Кыз-келиндер арасында:
1-орун: Мирослава Тен;
2-орун: София Долгова;
3-орун: Диана Печереева.
Татаал трасса боюнча жарыштын жеңүүчүлөрү:
1-орун: Роман Ковалев;
2-орун: Ислам Каримов;
3-орун: Евгений Горшков.
Кыз-келиндер арасында:
1-орун: София Долгова;
2-орун: Диана Печереева;
3-орун: Мирослава Тен.
Ылдамдык боюнча жарыштын жеңүүчүлөрү;
1-орун: Иван Исаев;
2-орун: Ислам Каримов;
3-орун: Роман Ковалев