SUPER.KG` порталынын Түз эфиринин маек төрүндө миллиондогон элдин боорун эзген "Тамашоунун" каймактары "No name" жана "Универсал" командаларынын жигиттери болмокчу.
"No name" командасы "Тамашоу" Лигасынын 6-сезонунун финалдык оюнунда чемпиондук кубокту жеңип кеткен.
Команданын түптөөчүсү Мурат Жалиев: "Студент кезде факультеттер аралык сынак болгон. Мага кемпирдин ролун жаратасың дегенде көнбөй койгом. Ошондо агайыбыз "эгер мыкты аткарсаң, зачёт коюп берем" деген. Анын сабагын жакшы билчү эмесмин, аргасыздан кемпирди туураганга туура келген. Мен чыксам эле элдин баары каткырып калышты. Ошондон баштап окуу жайлар, факультеттер аралык КВНдерге катыша баштагам. Анан мен, Кадыр, Эмил болуп окуу жайдын курама командасын түзүп, "Тамашоуго" келип калганбыз", - деген.
Ал эми команданын дагы бир көзгө басар оюнчусу Кадыр Жарматов: "Мен кедейдин үй-бүлөсүндө кышында көмүр жок мезгилде төрөлгөм. 8 бир туугандын алтынчысымын, 5 кыз, 3 эркекпиз. Чындыгында эле жокчулуктун айынан мектепте окуганга чейин эжелеримдин көйнөктөрүн кийип чоңойгом. Агамдын кийими мага чоң, анан байкуш апам эжелеримдин көйнөктөрүн кийгизип "бар эми, эшикке ойно" деп чыгарып ийчү. А мен "ыңгайлуу экен" деп отура калып заара кылып, чуркап жүрө берчүмүн", - дегени бар.
"Универсал" командасы "Тамашоу" Лигасынын 8-сезонунун чемпиону, SUPER.KG` порталынын Кубогунун, 2016-2017-жылкы "Ак калпак" кубогунун 2 жолку ээси.
Команданын капитаны Калыбек Турдубаев 1 жолу "Мыкты оюнчу" деп табылып, "Супер сулуу" менен Бали аралына барып эс алып келген. Ал эми Садык Нышанбай уулу 2 жолу "Мыкты оюнчу" деп табылган. Мындан тышкары командада Таирбек Исманалиев жана Актилек Бекташев аттуу мыкты оюнчулар бар.
"Биз убагында "No name" командасынын күйөрмандары болчубуз. Ошолорду ээрчип жүрүп, алар жол көрсөтүп "Тамашоуго" келгенбиз. Ачыгын айтсам, бизге караганда алардын "базары" чоңураак. Биздин өзүбүздүн күйөрмандарыбыз бар, өзүбүздүн той-топур, концерттерибиз менен жүрөбүз. Азырынча атаандаштык жок, болсок кийинчерээк болуп калаттырбыз. Эгер андай болсо да, биз жол бошотуп беребиз", - деп билдирген Калыбек Турдубаев.
Күлкү жаратуучуларга арнаган жылуу ой-пикирлериңиз же кызыктуу суроолоруңуз болсо, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып +996 557 75 63 63 WhatsApp номерине узатыңыз. Ошондой эле түз эфир жүрүп жатканда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып дагы жооп алсаңыздар болот.
Эске салсак, суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт.