"Мектептерде методикалык китептер аз, мугалимдер гезиттерди окубай калса билим берүү начарлап кетет" деген оюн Ноокат районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Аккуш Асанбаев SUPER.KG порталына билдирди.
"Ар бир мектепте камкорчулук кеңеши бар, алар мугалимдерди билимин жогорулатуу максатында гезиттерге жазылууга чакырат. Бул гезиттерде мыйзамдар жана биздин кесипке тийиштүү макалалар чыгат. Эч ким мугалимдерди кыйнап, гезиттерди сатып алгыла деп айтпайт. Мугалимдер гезит окубаса болбойт. Гезиттер аркылуу алар билимин жогорулатып, жаңылыктарды окуп, билип турушат. Ошондой эле азыр мектептерде методикалык китептер аз болуп жатат. Гезит окубаса мугалимдердин билим берүүсү начарлап кетет да", - дейт Асанбаев.
Айта кетсек, "Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Т.Кулатов айыл өкмөтүндөгү мектептердин мугалимдеринин айлык акысынан "Ноокат таңы" жана "Билим жарчысы" деген гезиттерге акча кармап калат. Ошондо бир жылда 1 мугалимден 2000 сом кармалат, бул мугалимдер үчүн чоң эле зыян. Ал гезиттерди алгандан кийин эч ким окубайт, атайын сатып алгандар дээрлик жок" деген билдирүүсүн окурман бүгүн, 12-мартта WhatsApp аркылуу "Элдик кабар" рубрикасына жөнөткөн.