Асанбай кичи районундагы өрттөнгөн кафелер электр жабдууларын колдонууда эрежелерди сактабагандыктан улам келип чыккан

Бишкек шаарынын Асанбай кичи районунда күйүп кеткен 7 кафе жана бир фитнес залдагы өрттүн себеби аныкталды. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Асанбай кичи районундагы кафелерде чыккан өрттүн себеби аныкталды. Өрт "Гамбей" кафесиндеги электр жабдууларын техникалык пайдаланууда эреженин бузулушунан келип чыкканы аныкталды, - деп билдирди басма сөз кызматы.

Эскерте кетсек, 22-октябрь күнү түшкө жуук аталган кичи райондогу 5 кафеден өрт чыкканы кабарланып, өрт саат 17:50лөр чамасында толук өчүрүлгөн. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 3100 чарчы метр, анын ичинен: 1800 чарчы метр машыгуучу залдын чатыры, 1000 чарчы метр “Корчма”, “Марио”, “Бухара”, “Асанбай”, “Ганбей”, “Барк Лайс”, “Кайзер” ресторан-кафелеринин чатырлары, "Delta fitnes" клубунун 100 даана машыгуучу тренажерлору жана жалпы имараттын кире беришинде жайгашкан 300 чарчы метр жыгач устундуу жайкы эс алуучу жайдын чатыры толугу менен күйүп кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан