Сауд Арабиядагы көргөзмөдө жеңишке жеткен жаштар: "Боз үй, шырдак, түлкү, карышкырдын терисин 80 улуттун өкүлү көрүп таң калышты"

Сауд Арабияда кыргыздын улуттук тамак-ашы, улуттук буюмдары мыкты деп табылып, көргөзмөгө катышкан студенттер автоунаа утуп алышты. Бул тууралуу SUPER.KG`ге жеңүүчүлөрдүн бири Нуртилек Кадырдинов айтып берди.

Анын айтымында, көргөзмө улуттар аралык ынтымакты бекемдөө максатында уюштурулган. Иш-чара Мадина шаарындагы Ислам университети тарабынан жетинчи жолу өткөрүлгөн.

"Анда ар бир катышуучу топтун улуттук каада-салты, буюмдары зыяратчыларга көрсөтүлдү. Катышуучуларга атайын шарттар бар. Бул жердеги негизги идея - Мадина шаарына келген зыяратчы 80ден ашык өлкөнү бир эле жерден саякат кылып, алардын маданий мурас, үрп-адаттары менен таанышкандай шарт түзүү, ынтымакка чакыруу болгон.

Анын бири 5-7 мүнөттүн ичинде адамды таң калтыра турган кылып өз өлкөсүн тааныштырышы керек эле. Биз 7 бала катыштык, биздин артыкчылыгыбыз - боз үйдү Мадина шаарына алып келгенибиз болду. Боз үйдү тигип, анын ички жасалгаларын жасоо жана башка даярдыктарга 20 күнгө жакын убакыт кетти. Шырдак, карышкыр, түлкүнүн териси жана башка улуттук буюмдарды Кыргыз өлкөсүнөн алдырдык. Башка катышуучулар мындай кыла алган жок. Ошондуктан окуу жайдын жетекчилиги биздин боз үйгө коноктордун баарын алып келип, ал жерде атайын интервьюларды уюштуруп турду", - деди Кадырдинов.

Сынак Мадина шаарындагы Ислам университетинде ушул жылдын 27-февралынан 11-мартка чейин өткөн. Баш байге үчүн Кыргыз студенттерине 2018-жылы чыгарылган Мицубиси-Спэйс-стар үлгүсүндөгү автоунаа берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
sezim-312312
2018-03-13 12:49:58
Азаматтар
+9
MUHLISA
2018-03-13 13:12:05
МаашаАллаху Азаматтар! ,кыргыз деген эл бар экенин 80 улуттка таанытыпсынар ....
Араб болбой кыргыз эле экенибизге бир далил )
+5
maks94.kb
2018-03-13 14:17:01
Эн мыкты дуйнону багынта бергиле
+4
Baha.bs95
2018-03-13 14:20:01
Азаматтар катуу даярданышыптыр.
+4
BakytAliev
2018-03-13 14:47:06
Айланайндар туу мн суротко тушуп атып он тетирисине конул бургулачы
+3
Nevestkaa
2018-03-13 17:38:53
Азаматсыздааар!Кыргызым бар бол !
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан