SUPER.KG порталынын "Супер ТВ" бөлүмүнө "Ур-токмокко кабылган секелек: "Чөмүч менен башка койгулайт" аталышындагы видеосюжет жайгаштырылды. Сюжетте 8 жашар кыз жакындары тарабынан ур-токмокко алынганы, анын буга чейин да кордук көрүп келгендиги тууралуу окуя камтылган.
Бишкек шаардык №3-балдар ооруканасына өзүнүн жакын адамдарынан кордук көргөн секелек кыз келип түшкөн. Мындай маалыматты 12-мартта SUPER.KG порталына окурман билдирген.
Анын айтымында, кыздын ооруканада дарыланып жатканына 2 күн болду.
"Кыз аёосуз сабалган. Колу сынган, башында да жарылган жерлер бар. Денесинин көп жери көгөргөн. Кыздын өзүнүн айтымында, аны өгөй апасы менен өз атасы сабаган", - деп жазат окурман.
Секелек кыздын тагдыры тууралуу кененирээк "Супер ТВ" бөлүмүнөн шилтеме аркылуу өтүп көрүңүз.