Жалал-Абад облусунда соңку жумада 63 айдоочу мас абалында кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспектору Айбек Сатыбалдиев билдирди.
Маалыматка ылайык, 5-марттан 11-мартка чейин Жалал-Абад облусунда 1951 айдоочуга жол эрежесин бузгандыгы үчүн админстративдик протоколдор толтурулган. Алардын 63ү мас абалында унаасын айдап бара жатып, үчөө унаасын мамлекеттик белгиси жок башкарып бара жатып, 411 айдоочу чектен тыш катуу ылдамдыкта айдап бара жатып кармалышкан. Дагы 13 айдоочу унаасынын алдыңкы терезелерин караңгылатып алганы үчүн, 43 айдоочу жол чыракта кызыл күйүп турганда өткөнү үчүн, 1163 айдоочу жол эрежелерин сактабаганы үчүн айып пулга жыгылышкан. 202 айдоочу унаасын туура эмес жайга токтоткондугу үчүн, 49 айдоочу документтери жок унаасын айдап бара жатканы үчүн кармалган.
Жыйынтыгында 107 унаа айып аянтчасына токтотулган.