Орусияда 250 унаа менен Владимир Путиндин портретин түшүрүштү

"Орусиянын Хабаровск шаарында Владимир Путинди колдогон флешмоб өттү. Анда 250 автоунааны Путиндин портрети түшө тургандай кылып тизишкен", - деп жазылууда Орусиянын жергиликтүү маалымат каражаттарында.

Анда белгиленгендей, флешмоб 11-мартта өткөн. Уюштуруучулардын билдирүүсүндө ага катышкандардын саны пландагандан аз болуп калган. Андыктан алар мамлекет башчысынын жүзүнүн жарымын гана чагылдырышкан.

"Дароо айтайын, биздин акциянын шайлоого эч тиешеси жок. Мындай композицияны, тактап айтканда, портретти түзүүнү биз көптөн бери эле пландап келгенбиз. Кийин өзгөчөлүү композицияны кимге арнасак деп ойлонуп, көпчүлүктүн тандоосу менен Владимир Путиндин портретин түшүрөлү деп чечтик", - деген уюштуруучулардын бири Вячеслав Шемпелев.

Путиндин портретин 200 унаа менен түшүрүштү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
gulum90
2018-03-13 08:13:31
Огоо
+1
Seyitira8186
2018-03-13 09:15:57
Шайлоого тиешеси жок дейби.
+1
Toliksynchy
2018-03-13 09:18:39
Кыргызстан дагы Путиндин суротун тушурсо аздык кылат бир туугандарыбыздын баарын Путин багып атат биздин чондорубузга караганда
+28
chyngyz84
2018-03-13 13:24:49
Toliksynchy, туура айтасын!
+11
mem77
2018-03-13 09:32:20
Ленинге окшош го
+1
zhykyo
2018-03-13 09:44:58
Путин Путин жана Путин
+9
Totyua.71.
2018-03-13 15:31:58
Окшошпойт
+1
Mavlyuda
2018-03-14 09:21:42
эч окшошмес
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан