"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Жашоочулар арызданган жатакананын жер төлөсү УКМКга таандык" дейт Мамлекеттик каттоо кызматы

Бишкек шаарынын Чүй кең көчөсүнүн 47/1 жатаканасынын жер төлөсү УКМКга таандык. Бул туурасында окурмандан келген каттын негизинде бир нече мекемеге кайрылганыбызда кабарлашты. Бишкек шаарынын 18-муниципалдык аймактык башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Гүлнара Мамбетова төмөндөгүдөй жооп берди.

"Ооба, ал үйдүн жер төлөсүндө көп жылдан бери УКМКнын кызматкерлери үй-бүлөлөрү менен жашайт. Жер төлө муниципалдык менчик башкармалыгына карайт. Алар ижарага беришет. Билбейм, УКМК менен кандай шартта иштешип жатышат", - дейт Мамбетова.

Муниципалдык менчик башкармалыкка кайрылганыбызда: "Ал жер тууралуу мамлекеттик мүлктү каттоо кызматына кайрылгыла" деген жоопту алдык. Аталган мекеме бизге качан, кимге сатылгандыгы тууралуу документти көргөздү. Документте Бишкек шаарынын Чүй кең көчөсүнүн 47/1 жатаканасынын жер төлөсү 2005-жылы УКМКга сатылгандыгы көрсөтүлгөн.

Эске салсак, "Үйүбүздүн жер төлөсүндө жашаган УКМКнын кызматкерлери менен пикир келишпестиктер көп болуп жатат", - деген билдирүүсүн окурман WhatsApp аркылуу "Элдик кабар" рубрикасына жөнөткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан