Инстаграм социалдык тармагы Giphy сервисин убактылуу жоюп турууну чечти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, аталган түйүндүн мындай чечимге келүүсүнө социалдык тармактын колдонуучуларынын биринин нааразычылыгы себеп болгон. Тактап айтканда, ал сториске GIF сүрөтүн жүктөп жатканда барабанды айлантып жаткан кара түстөгү маймыл чыккан. Анын алдында "Кара терилүү кылмышкер" деген жазуу болгон. Мындан улам колдонуучу муну расалык теңсиздик катары сындап, нааразы болгон билдирүүсүн Инстаграмдын негиздөөчүсү Кевин Систромду белгилеп койгон. Арадан көп өтпөй эле социалдык түйүн Giphy сервисин убактылуу жоюп турууну чечкен. Бул боюнча Инстаграм расмий билдирүү тараткан.
"Бул жакта бир аз катачылыктар кетиптир. Мындан улам териштирүү бүтмөйүнчө GIF сүрөтүн колдонуу мүмкүнчүлүгү токтотулат", - деп билдирген.
Белгилей кетсек, жогоруда аталган социалдык түйүнгө GIF сүрөттөрү ушул жылдын 23-январында ишке кирген.