ӨКМ: "Төө-Ашуудагы тоннель түшүп кетти" деп тарап жаткан маалымат жалган"

"Төө-Ашуудагы тоннель түшүп кетип Бишкек-Ош унаа жолу жабылды" деп WhatsАpp аркылуу тарап жаткан маалымат жалган. Бул тууралуу SUPER.KG порталына ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

"Бул маалымат жалган, таратып жаткан адамдар ойноп же тамашалап койгон болушу мүмкүн, тоннель түшүп кете турган болсо биринчи бизге кабар түшмөк. Төө-Ашуудагы тоннель биздин кызматкерлер тарабынан күнү-түнү көзөмөлдө болуп турат", - дешти мекемеден.

Айта кетсек, WhatsАpp аркылуу "Төө-Ашуудагы тоннель түшүп кетип жол жабылды, унааларды тосуп өткөрбөй жатат, биз Казакстан аркылуу келдик" деген белгисиз эркек адамдын үнү жазылган аудио кабар тараган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
MAB88
2018-03-13 10:10:23
Ушинтип да тамашалайбы, уяты жок. Кан жолдо жургондорго жаман ниет айтпай, жакшы тилек кылбайбы! Оз башына корунгур!
+8
Nokia
2018-03-13 10:19:01
бул тамашалашып суйлогондой корунбойтко, буга дагын бироо жарым айтса керекда
-4
Rasul94
2018-03-13 11:03:41
кудай сактасын. тундук туштуктун копуросун
+6
Mirlan27011987
2018-03-13 11:46:08
Ушак уудан да жаман.
+2
jbolotov
2018-03-13 11:58:36
Ушундай маанилуу нерселер ушак тамаша деп бутуп калабы? СМИге чыккан жалган кабарлар болсо административдик жоопко тартылыш керекда.
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан