Футбол боюнча Кыргыз өлкөсүнүн Суперкубогу 1-апрелде өтөт. Анда 2017-жылы өлкөнүн кубогун уткан “Дордой” командасы менен Топ Лиганын 2017-жылдагы чемпиону “Алай” командалары кез келет. Бул тууралуу "Дордой" клубу өздүк баракчасына жазды.
Маалым болгондой, Суперкубок Жалал-Абад шаарындагы “Курманбек” стадионунда 1-апрель күнү саат 15:00дө башталат.
Суперкубоктун бардык жеңүүчүлөрү:
2011 - "Нефтчи"
2012 - "Дордой"
2013 - "Дордой"
2014 - "Дордой"
2015 – Өткөрүлгөн эмес
2016 - "Абдыш-Ата"
2017 - "Алай"
Белгилей кетсек, Суперкубок 2011-жылдан тартып өлкө биринчилиги Топ Лига башталганга чейин өткөрүлүп келет.