Кытайда айнектен жасалган көпүрө салынды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, көпүрө Кытайдын Ваньюань аймагында жерден 186 метр бийиктикте жайгашкан. Бул болжол менен 66 кабаттуу үйдүн бийиктигине барабар. Ал эми узундугу 300 метрди түзгөн. Кытай басылмаларынын жазып чыкканына таянсак, айнектен жасалган көпүрө ушул жылдын февраль айында эле салынып бүткөн. Бирок текшерүүдөн толук өтүп бүткөндөн кийин гана ишке берилген. Анын расмий ачылышы 10-11-март күндөрү болуп өткөн.
Белгилей кетсек, долбоорду ишке ашыруу үчүн 1,58 миллион доллар каражат сарпталган.