Мэрия: "Бул жылы Бишкектеги жүзгө жакын көчөгө оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт"

Күн жылып, жер кургап баштаган апрель айынан тартып Бишкектеги айрым көчөлөрдү оңдоп-түзөө иштери башталат. Бул тууралуу бүгүн, 13-мартта өткөн маалымат жыйында Бишкек шаарынын вице-мэри Эркинбек Исаков билдирди.

Анын айтымында, буга чейин "Түндүкэлектр", "Бишкексууканал" жана башка тиешелүү кызматтар менен алдын ала макулдашуулар жүргүзүлгөн.

"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы Бишкек шаарындагы 42 көчөнү оңдойт. Ал эми Кытай мамлекетинен бөлүнгөн гранттын негизинде 50дөн ашык көчө оңдоп-түзөө иштеринен өтөрү пландалууда", - деди Исаков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
maks1980bishkek
2018-03-13 11:25:40
көп нерсе жазгым келди, бирок.....
0
Samina007
2018-03-13 11:33:58
maks1980bishkek,туура айтасыз! Ушунчалык өкмөт адамдары,элдин ишеничинен чыгып калганына өкүнөм.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан