Кытайдын мамлекеттик телеканалында 22 жылдан бери аба ырайын кабарлаган журналист Ян Дэн өзүнүн жапжаш келбети менен көпчүлүктү таң калтырып келет.
Ян Дэн алгачкы жолу телевидениеге 22 жашында келген, учурда 44 жашта. Анын аралыгы бир топ жылдарды түзгөн сүрөттөрүн карасаңыз, анчейин көп айырмачылык байкабайсыз.
Алып баруучунун жаш курагын баса белгилеген видео, ал иштеген телеканал тарабынан 8-Март - Аялдардын эл аралык күнүнө арналган берүүдө эфирден берилген. Анда, "Көптөгөн телекөрүүчүлөр Ян Дэн менен бирге аба ырайын көрүп чоңоюшту. А бирок алып баруучу өзгөргөн жок. Ал жаңыдан экранга чыга баштаган кезинен тартып, азыркыга чейин жашаргандан жашарып барат", - деген билдирүү кеткен.
Кытай басылмаларына таянсак, учурда көпчүлүк алып баруучунун өзгөрбөгөн келбетине суктанып, бирок анын сыры эмнеде экенин билбей келет.