Депутат Бишкектеги жаңы курулуп, кийин бузулуп кеткен жолдор маселесин парламентте талкуулоону суранды

Бүгүн, 13-мартта Жогорку Кеңештин депутаты Данияр Аттокуров Бишкек шаарындагы жаңы курулуп, бузулуп кеткен жолдор боюнча маселени парламентте кароону суранды. Эл өкүлү Бишкекте мындай абал көп экенин, муну парламенттик комитетте кароонун зарылдыгын айтты.

"Бишкек шаарында көптөгөн жаңы курулган жолдор 1-2 жылдан ашпай талкаланып жатат. Бул маселени Транспорт жана жолдор министрлиги карабайт экен. Ошондуктан биз Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы жооптуу адамдарды чакырып, комитет жыйынында сурасак. Жакшы эмес го жаңы жолдор кайра эле бузулуп жатканы", - деди Аттокуров.

Айта кетсек, комитеттин жыйынында Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Евразия экономикалык коомунун Кризиске каршы фондусунун каражатынан инвестициялык насыяны берүү жөнүндө макулдашууга №1-толуктоонун долбоору тууралуу каралууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан