Өлкөдөгү ички дүң продукция январ-февраль айында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,7 пайызга өстү. Башкача айтканда, ички дүң продукция 59 миллиард сомдон ашты. Мындай маалымат Статистика комитетинин ушул жылдын эки айы боюнча жыйынтыгында айтылды.
Аталган комитеттин Статистика жана улуттук эсептер башкармалыгынын жетекчиси Элвира Исенкулованын айтымында, "Кумтөр" кенин эске албаганда ички дүң продукция 53 миллиард сомду түзгөн. Ал эми өнөр жай продукцияларынын көлөмү 35 миллиард сомдон ашкан.
"Текстиль өндүрүшүнүн көлөмү 2,3 эсеге, кийим-кече 44,6 пайызга, резина, желим буюмдардын өндүрүшү 36,5, мунай продукцияларынын өндүрүшү 25,8 пайызга өскөн", - деди Исенкулова.
Ал эми электр энергия, газ, буу менен камсыздоо 12,7 пайызга жогорулаганын кошумчалады.