Министр Исакунова: "Эки кабаттуу үйлөрдө жашагандар аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн берилген жөлөк пулду алып жаткандыгы белгилүү болду"

"Эки-үч кабаттуу үйлөрдө жашагандар аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн берилген жөлөк пулду алып жаткандыгы белгилүү болду", - деп бүгүн, 13-мартта парламенттин комитет жыйынында эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайгүл Исакунова билдирди.

Министр жөлөк пул берүүдө даректүүлүктү өкмөт аныктай турганын айтты. “Жөлөк пул бул аз камсыз болгон үй-бүлөрлөргө берилиши керек. Бишкек шаарында жөлөк пул алгандарды текшерсек, эки-үч кабаттуу үйдө жашагандар да жөлөк пул алышат экен. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн берилген каражатты жакшы шартта жашагандар уялбастан алып жатышат”, - деди ал.

Эске салсак, Жогорку Кеңеш 2017-жылдын 21-июнунда “Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамын кабыл алган. 1-августта ага ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев кол койгон. Мыйзамдагы негизги өзгөртүү - бул "Аз камсыздалган үй-бүлө" деген норма жоюлуп, "Балага сүйүнчү", "Балага жөлөк" жана "Үй-бүлөгө көмөк" деген жаӊы түшүнүктөр киргизилгенинде болгон. Мыйзам 2018-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирмек. Анда жөлөк пулдун 3 түрү каралган эле. Ал өзгөртүүлөргө ылайык, жаңы төрөлгөн балага бир жолу 4 миң сом сүйүнчү пул, 3 жашка чейинки бардык балдарга ай сайын 700 сомдон жөлөк пул, 3 жаштан 16 жашка чейинки балдарга айына 500 сом “үй-бүлөгө көмөк” акча берилмек. Бирок бул көмөк акча бардыгына эле берилбей тургандыгы айтылган. Үй-бүлөнүн 3 жаштан 16 жашка чейин үчтөн ашык баласы болсо, жөлөк пул үчүнчү баладан баштап андан кийинкилерге гана берилмей болгон. Мисалы, 5 баласы барлар 1-2-баласына жөлөк пул ала алышпайт деп түшүндүрүлгөн. Талаш-тартыш дал ушул жерден башталган.

2017-жылдын декабрь айында бул мыйзамга Нарын облусунун тургундары каршы митингге чыгышкан. Алар 3 жана андан көп баласы бар үй-бүлөлөргө төлөнүүчү жөлөк пулда каралган чектөөлөргө каршы экенин билдиришкен. Мындан улам өкмөт 2018-жылдын 1-январында күчүнө кире турган аталган мыйзамдын “балага сүйүнчү” төлөөгө тийиштүү жобосун кошпогондо, ишке кирүү мөөнөтүн 3 айга артка жылдырууну сунуштаган. Ошондой эле өкмөт бул мыйзам күчүнө кирсе 30 миңдей бала жөлөк пул албай кала турганын айтышкан.

Жаңы иштелип чыккан мыйзам долбоору боюнча, 3 жашка чыкканга чейин берилүүчү жөлөк пулдун жана 3 жаштан 16 жашка чейинки курактагы үч жана андан ашык балдары бар жарандарга ай сайын берилген жөлөк пулдун ордуна муктаж үй-бүлөлөргө берүүнү сунуштаган. Ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жана бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга ай сайын социалдык жөлөк пулдун өлчөмүн жогорулатуу сунушталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан