АКШлык Сэм аттуу жаш спортчу достору менен эс алуу учурунда алар менен мелдеше кетип үлүлдү жеп, өмүр бою ден соолугунан ажыраган.
Чет элдик басма сөз каражаттары жазып чыккан маалыматтарга ылайык, Сэм 2009-жылы 19 жаш кезинде үлүлдү жеп алып өзүн жаман сезип ооруканага түшкөн. Дарыгерлер бейтапка эозинофилдин пневмониясы (лейкоциттердин бир түрүнүн өпкө жолдоруна толуп калуусу) деген диагноз коюшкан. Белгилүү болгондой, Сэм үлүл менен кошо жугуштуу ооруларды алып жүрүүчү ичеги курттарынын жумурткаларын кошо жеп алган.
Адатта бул курттар алып жүрүүчү жугуштуу ооруларды адамдар жеңил эле көтөрөт, бирок айрым гана учурларда адамдын баш мээси жабыр тартып, шал болуп калуусу мүмкүн. Сэмдин окуясы ошол айрым учурлардын бири болуп, ал 420 күнгө комага түшүп калган. Ал комадан чыккан соң өмүр бою ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамга айланып, майыптардын арабасына отуруп калган.
"Сэмдин оорусу биздин үй-бүлөгө катуу таасир этип, жашообузду түп тамырынан өзгөрттү", - деп билдирген Сэмдин апасы Кэти Баллард.
Бейтапты мындан 3 жыл мурун ооруканадан чыгарып беришкен. Ошол күндөн тартып Сэмге анын ата-энеси жана жакын достору кам көрүп келет. Сэмдин достору атайын каражат чогултуп ага кам көрүү үчүн жылына 25 миң доллар айлыкка иштей турган медайым жалдашкан.
Бирок азыркы тапта Сэмге керектелүүчү дары-дармектерди алуу үчүн жана ага мед айым жалдоого үй-бүлөнүн каражаты жетпей жаткандыгын Кэти билдирген. Ошондой эле мамлекеттен жардам алуу үчүн көптөгөн документтерди чогултуу керектигин, бирок бул ишке анын убактысы жок экенин кошумчалаган.