Бишкек мэриясы: "Эл оңдолуп бүтө элек жолдорду эле сапатсыз салынган деп сындап жатат"

Бишкек шаарында жолдор сапатсыз салынган деген кептер туура эмес. Мындай пикирин бүгүн, 13-мартта өткөн маалымат жыйында Бишкек шаардык мэриясына караштуу Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Нурлан Эшенбаев билдирди. Ал шаар тургундары оңдоп-түзөө иштери башталып, бирок аяктай элек жолдордун сапатын туура эмес талкуулап жатканына токтолду.

"2017-жылы Кытай мамлекети тарабынан берилген гранттын негизинде жолдорду оңдоо иштери башталган. Быйылкы жылы жалпы узундугу 38 чакырымга жакын 23 көчөнүн оңдоо иштерин улантуу пландалууда. Шаардагы оңдоп-түзөө иштери бүтө элек көчөлөрдү эл оңдолуп бүткөн көчө деп түшүнүп алган", - деди ал.

Ошондой эле маалымат жыйында Бишкектеги жолдорду оңдоо иштерине байланыштуу түзүлгөн күн тартибинин алкагында маал-маалы менен жолдор жабылып турары айтылды. Шаар аймагында унаа тыгынын алдын алуу жана оңдоо иштерин аткарып жаткан транспорттун жумушун жеңилдетүү максатында тийиштүү мекемелер менен тыгыз иш алып баруу жүргүзүлүүдө.

"Жакынкы күндөрү оңдоо иштерине байланыштуу шаардагы көчөлөрдүн жабылуу планын кененирээк жарыялайбыз", - деп кошумчалады Эшенбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Arlenchik
2018-03-13 20:00:47
Калпты айтып шыпырылбачы, мисалы киргизия кочосу старый талчоктогу кузундоле ондолуп буткон, ошондон бери отолек болчумун, жакындале оттум жолдун тамтыракайы чыгып калыптыр, ушу жегичтерди аныктап чыныгы кунолуулорлу толотуп туруп, соттош керек, башкаларга сабак болсун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан