Украиналык 20 жаштагы жаран сүйүктүүсүнө баш кошуу үчүн бөйрөгүн 15 миң долларга саткан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, ал үйлөнгөнүнө 1 ай болгондон кийин каза болгон. Табышмактуу өлүмдү аныктоо учурунда маркумдун бөйрөк тушундагы операциядан кийинки такты аныкташкан.
Ал эми маркумдун жакындарынын айтымында, ал чет өлкөгө акча табуу үчүн кетип жатып "сүйүктүүм үчүн кооз үлпөт тоюн уюштурам" деген. Ошондой эле ал жогорудагы сумманы кыска убакыт аралыгында таап келген. Мындан улам жергиликтүү басылмалар 20 жаштагы мырза чет өлкөгө барып, бөйрөгүн сатып келген деген маалыматты таратышты.