Январь жана февраль айында тамеки заттары жана спирт ичимдиктерине болгон баа өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Статистика комитетинин 2018-жылдын эки айы боюнча чыгарган жыйынтыгында баяндалды. Ал эми жашылча жемиштеринин баасы 10,4, алма 7,1, картошка 4,9, сүт 3,1 пайызга өскөнү байкалган. Ушуну менен катар гречканыкы 6,7, кумшекердики 2, балыктыкы 1,9, өсүмдүк майыныкы 0,7, жана ундун баасы 0,5 пайызга төмөндөгөн.
"Эки айда керектөө бааларынын жана тарифтердин эң көп өсүүсү Нарын облусунда байкалган. Ал жерде башка аймактарга салыштырмалуу тамак-ашка жана спирт ичимдиктерине болгон баа 3,8 пайызга, кызмат көрсөтүүнүн баасы 4,4 пайызга жогорулаган. Ал эми Талас облусунда тамеки жана спирт ичимдиктерине болгон баа 8, Ош облусунда азык-түлүк эмес товарларына болгон баа 1,2 пайызга көтөрүлгөн. Ошол эле кезде баалар Баткен облусунда 0,8 пайызга төмөндөгөн", - деп айтылды жыйында.
Ал эми жалпы республика боюнча керектөө секторунда инфляциянын деңгээли 1,4 пайызды түзгөнү белгилүү болду.