Кыргызгидромет: "Бишкектин жашоочулары 23 күн ден соолукка зыяндуу аба менен дем алышты"

Бишкек шаарында февраль айында 23 күн бою абанын курамында азоттун кычкылы, азоттун кош кычкылы жана формальдегиддин кармалышы жол берилген концентрациянын чегинен ашканы байкалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргызгидрометтин адиси Мээрим Асанбай кызы билдирди.

Анын айтымында, февраль айында абанын сапаты башка айларга салыштырмалуу өзгөргөнү байкалган.

"Бишкектин абасында февраль айында 23 күн бою ден соолукка зыяндуу заттар жол берилген концентрациянын чегинен ашкан", - деп айтты Мээрим Асанбай кызы.

Ал белгилегендей, Бишкек шаарында февраль айында абанын курамында жол берилген концентрациянын чегинен азоттун кош кычкылы 1,75тен 2ге чейин, азоттун кычкылы 1,83төн 2ге чейин көтөрүлгөн. Ал эми формальдегиддин кармалышынын орточо суткалык деңгээли 5тен 4кө чейин төмөндөгөн. Ошондой эле күкүрттүн кош кычкылы жана аммиактын деңгээли мурунку айдагыдай сакталган.

Айта кетсек, азоттун кош кычкылынын көп болушу өпкө ооруларына, ал эми формальдегидден уулануу аллергия, лейкемия жана рак ооруларына алып келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
luuntik
2018-03-13 15:12:18
ошондой айтышпайбы ээми отуп кеткенден кийин айтат суйунчулогонсуп жинге тийип
+4
kenje-888
2018-03-14 09:41:13
Ошо да силер ушуну демалдынар дегенсип
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан