Жалал-Абадда имамдар интернетти өздөштүрүп жатышат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ички иштер министрлигинин кызматкери Жалал-Абад облустук казыяты менен биргеликте Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен райондорунун имамдарын лекцияларга чакырган. Анын жүрүшүндө социалдык тармактар аркылуу жаштарды экстремизм, радикализм, терроризмге тартып кетип жатканы айтылып, имамдарды социалдык тармактарды өздөштүрүүгө үндөгөн.
"Азыр экстремизм терроризмге чакырган чакырыктар мурдагыдай баракчалар менен таратылбай интернет айдыңына көчүп жатышат. Буга байланыштуу азыр дин кызматкерлерин, имамдарды интернетти өздөштүрүп, аталган чакырыктарга каршы турууга көмөктөшүүнү көздөп бул лекциялар өтүлүүдө", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Анын айтуусуна караганда, буга чейин өтүлгөн лекцияларга Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен районунун 200гө жакын имамдары катышкан. Анын жүрүшүндө өлкөдөгү тыюу салынган экстремисттик жана террористтик уюмдар тууралуу түшүндүрүү иштери да жүргүзүлгөн.