Статистика комитети: "Тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү бир айда 489 миллион долларга жетти"

2018-жылдын январь айында тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 489 миллион долларга жеткени Статистика комитетинин ушул жылдын эки айы боюнча чыгарган жыйынтыгында белгилүү болду. Бул көлөм 2017-жылдын эки айына салыштырганда 45,3 пайызга жогору экендигин аталган комитеттин Статистика жана улуттук эсептер башкармалыгынын жетекчиси Элвира Исенкулова айтты. Анын белгилөөсү боюнча, экспорт 25,6 пайызга, импорт 52 пайызга өскөн.

Экспорттун 25,6 пайызга өсүшү пахтанын 3,8, алтындын 2,8, кургатылган жемиштин 1,5 эсеге көбөйгөндүгүнөн улам камсыздалган. Ошол эле учурда сүт азыктарын экспорттоо 39,2 пайызга ал эми айнек 20,7, кургатылган буурчак 6,4 пайызга төмөндөп кеткен.

Импорттун жогорулашы күн карама майынын 3,5, синтетикалык кездемелеринин 4,7, бут кийимдердин 2,1, түтүк жана профилдердин 2,6 эсеге, ошондой эле шокалад жана башка даяр азык-түлүктөрдүн 6,8 пайызга көбөйүшү менен шартталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nazarKGZ
2018-03-13 18:01:02
элди алдашат эптеп жомокторуду айтып беришет элге
0
NURTILEK_KG
2018-03-13 18:11:30
nazarKGZ,бул нерселерди деле озунун ойунан таап жазып койбойтта.текшерип туруп маалымат беретта элге.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан