Депутат болгусу келген Дыйканбаев "БШК мага берилчү мандатты башка бирөөгө бергени жатат" деп нааразы

Борбордук шайлоо комиссиясы "Республика-Ата Журт" партиясынын тизмесинен Болот Дыйканбаевди чыгарып койгон. Бул тууралуу бүгүн, 13-мартта маалымат жыйынында ал өзү билдирди.

"Тизмеде мен 75-орунда болчумун. Азыр БШК Фархат Иминовдун мандатын партиянын тизмесиндеги 78-орунда турган Марлен Маматалиевге бергени жатат. БШК "өз арызын жазды" деген негиз менен мени тизмеден чыгарып койгон экен. Арыз менин колум менен жазылбаганын экспертиза аныктаган. Мындан тышкары, партиянын тизмесинен чыгуу тууралуу арыз 2015-жылы 9-октябрда БШКга түшүптүр, ал эми мен 8-октябрда Ошко учуп кеткем. Бул БШКнын шалаакылыгы", - деди Дыйканбаев.

Ошондой эле ал прокуратурага кайрылганын, эми сотко кайрыла турганын айтты.

Айта кетсек, Фархат Иминов өзүнүн депутаттык мандатын тапшыруу боюнча арыз жазганы белгилүү болгон. "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Руслан Казакбаев Иминовдун ордуна Марлен Маматалиев депутат болуп келиши мүмкүн экенин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Makain
2018-03-13 15:31:12
Портфель талашып кырыласынарго.
+1
Mirlan27011987
2018-03-13 15:47:14
Бийлик бар жерде кулдук бар.
+1
bond02
2018-03-13 17:24:21
баары эле депутат болгусу келет эч бир карапайымы жок, атасына таарынгансып.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан